• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мыйзам алдында бардыгы бирдей жоопкерчилик алуусу керек – деди А.Жээнбеков Текебаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу

Саясат 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Мыйзам алдында бардыгы, мейли ал жөнөкөй адам болобу, президент болобу бирдей жоопкерчилик алуусу керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев дээрлик 25 жылдан бери саясатта жүрөт.

“Азыр эч ким тергөөгө тоскоолдук кылбашы керек, элди көчөгө чыгарып, аларды бир нерсе жасоого зордобош керек. Эгер Текебаев таза болсо, анда чыгат, андай болбосо, сот далилдейт. Күнөөсүздүк жоромолу түшүнүгү бар. Бул жерде биз кимдин абийири булганган, кимдики таза деп талкуулап жатабыз. Келгиле таза болууга аракет кылалы. Бул издөө салынган адамга лицензия берүүгө дагы тиешелүү. Анда кылмыш жок болушу мүмкүн, бирок абийир булганган. Эгер ушинтип отура берсек, качан өнүгөбүз? Өмүрбек Текебаев 25 жылдан бери саясаттын чордонунда келе жатат, ошондуктан тергөө аягына чейин чыгыш керек”,-деди А.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий