• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мындан ары окуучулар үчүн дептерлер Кыргызстанда чыгарыла баштайт - Иманалиев

Билим 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Мындан ары окуучулар үчүн дептерлер Кыргызстанда басмыла баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин дептерлер Өзбекстандан жана Россиядан алып келинген.

"Биз жылына 15 млн дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт", - деди Каныбек Иманалиев.

Пикир

Оставить комментарий