• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Надира Жусупбекова: Балдардын коопсуздугун камсыздоо - биздин милдет

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук жана шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында "Акыркы коңгуроо" салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча тапшырмалар берилди.

“Биз үчүн балдардын өмүрү, коопсуздугу биринчи орунда турат. Андыктан ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо - биздин милдет. Ата-энелер менен тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Тилекке каршы, окуу жылы аяктап жатканына карабай ар кандай кырсыктар катталып жатат”, - деди Жусупбекова.

Өз кезегинде билим берүү мекемелеринин жетекчилери министрлик тарабынан бекитилген бардык эрежелердин так аткарылышына көзөмөл күчүндө экенин айтышты.

Эске сала кетсек, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү акыркы коңгуроо салтанаты учурунда укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун камсыздоо үчүн биргеликте иш алып барууга тийиш. Бул үчүн тиешелүү органдар ишин баштады.

Пикир

Оставить комментарий