• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

КР Улуттук илимдер акадмиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 6-декабрда болжол менен саат 11:05те катталган.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий