• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында бүгүнкү күндө обсервациядан 418 жаран чыкты - Боскунчиев

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Нарында бүгүнкү күндө обсервациядан 418 жаран чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Чолпонбек Боскунчиев билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 18 жерде обсервация уюшулган. "Нарын облусу боюнча 535 адам обсервацияга жаткарылган. Алардын 418си чыгарылды, азыркы күндө 117 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Боскунчиев кошумчалагандай, обсервацияда жаткан жарандардын бир күндүк тамак-ашына 120 сомдон 170 сомго чейин каражат кетет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 172си медицина кызматкери. Илдеттен 322 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий