• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында атасына бычак сайып өлтүргөн жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Нарында атасына бычак сайып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 7-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында Нарын облустук ооруканасынан Нарын районунун Алыш айылынын 1975-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну үйүнөн өз атасын бычак сайып, денесине жаракат келтиргендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери ошол эле күнү саат 13:30 чамасында К.Т. эшиктен мас абалында үйүнө келип, жубайы менен уруша кетип, келинине болушкан атасына бычак сайып жибергендигин аныктаган.

Натыйжада шектүүнүн атасы - 1951-жылы туулган К.Э. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Бирок, шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин Адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Нарын РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий