• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокат районунда «16 күндүк зомбулуксуз жашоо» акциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-декабрында Ноокат районунда «16 күндүк зомбулуксуз жашоо» акциясы өттү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүшкө Ноокат районундагы тиешелүү укук коргоо орган кызматкерлери менен мектеп окуучулар чыгышкан.

Бул 16 күндүк акция райондогу бардык билим берүү мекемелеринде зордук-зомбулукка бөгөт коюу максатында айыл тургундарына кайдыгер карабастан убагында маалыматтарды милиция кызматкерлерине берүүнү, түшүндүрмө эскертмелерди таратышты.

Андан сырткары, ар бир жаран өз уюлдук телефонуна «Менин участкалык милициям» же «Мой участковый инспектор» электрондук тиркемесин көчүрүп алуу сунушталды. Ошону менен бирге, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында, тегерек стол өткөрүлүп, анда биринчи кезекте кимге жана кандай убакта милиция кызматына кабарлоо керектиги мисалдар менен айтылып өттү.

Пикир

Оставить комментарий