• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ноокенде милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды кабыл алууда

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдама унаасы жергиликтүү тургундардын ар түрдүү мазмундагы кайрылууларын кабыл алуусун улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандар милицияга жана башка мекемелерге байланыштуу суроо-сунуштарын жолдошуп, тиешелүү жоопторун алып жатышат. Милицияга байланыштуу маселелердин көпчүлүк бөлүгүн жеринде чечүү аракеттери көрүлүүдө.

РИИБдин участкалык инспекторлору Масы айылында жайгашкан мал базарында кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Ар түрдүү терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында видео байкоолорду орнотуу боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий