• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

ОГПИде терроризм жана диний-экстремизм көйгөйлөрү боюнча жолугушуу болду

Аймак 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. 23-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, жалпы адамзат көйгөйүнө айланган террориз жана дигий-экстремизм түшүнүктөрү боюнча атайын адистердин катышуусунда студенттер менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга аталган маселелер боюнча адистер Ош ШИИМБнын АК-Буура милиция бөлүмүнүн ЭММКАКнын опер өкүлдөрү Алтынбек Алмаматов жана Нурбек Шерикбаевдер катышып, жалпы катышуучуларга, аталган терс көрүнүштөрдүн келип чыгуу себептери, дүйнөлүк деңгээлде каралып жаткан глобалдуу көйгөй экендигин жана кантип токтото алабыз? мына ушул маселелер боюнча кенен түшүнүк беришти. Ошондой эле азыркы жаштарыбызда көп учурап жаткан түрдүү секталарга өтүп жатышы, жана классикалык ислам дини боюнча баяндама жасашып, студенттердин ар кандай суроолоруна жооп беришти.

Иш чара окуу жай жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, бардык факультеттердин тарбия иштери боюнча жооптуулар жана студенттер катышышты.

Пикир

Оставить комментарий