• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ормушева Кыргызпатентке караштуу “Инновациялык борбор” мекемесинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Мээрим Ормушева Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү тескемеге 2022-жылдын 1-февралында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 3-февралда, Кыргызпатенттин жетекчилиги М. Ормушеваны ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана Инновациялык борбордун эмгек жамаатына тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий