• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Орзубек Назаровдун кызына кан берүүнү каалагандардын саны 800гө жеткен

Коом 0

Бишкек, 23.08.17 /Нуркыз Сабыров – Кабар/. Белгилүү боксчу, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Орзубек Назаровдун жол кырсыгына учураган кызына кан тапшырууну каалагандардын саны 800 адамга жеткен. Ал мындай маалыматты өзүнүн интернет баракчасына жазып, үн каткандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.

“Азыр кан тапшыруу борборунда болдук, 2 күндүн ичинде 800 адам келип, алардын 100 жакыны кан бере алышкан. Көпчүлүгүнөн ар кандай себептерден улам кан ала алышкан эмес. Биздин өтүнүчүбүзгө үн каткандардын бардыгына терең ыраазычылык билдиребиз. Кан тапшыруу борборунун кызматкерлерине чыдамкайлыктары үчүн рахмат. Кан тапшыргандардын жана тапшыра албай калгандардын баарына ыраазычылык. Аделинага кан жетиштүү болду, бирок кан тапшырууну каалагандар болсо тапшыргыла – бул оорулууларды сактап калат. Аделина күрөшүүдө, бардыгы жакшы болот. Чоң рахмат! Кудай силерди сактасын!”,- деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18нен 19-августка караган түнү Бишкектеги Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан белгилүү спортчунун 17 жаштагы кызы жабыркаган. Жол кырсыгында Suzuki үлгүсүндөгү мотоцикл менен Toyota Passo унаасы кагылыша кеткен.

Пикир

Оставить комментарий