• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош: Эвакуацияланган тургундар туруктуу жайларына кайтып келүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында коопту кырдаал жаралгандыгына байланыштуу эвакуцияланган тургундары туруктуу жайларына кайтып келүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу кечээ, 4 июнь күнү Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарындагы тургундар убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Учурда Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу болгондугуна байланыштуу эвакуацияланган тургундар өзүнүн туруктуу жашаган жайларына кайтып келүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болуп, тургундар өз үйлөрүнө кайрадан кайтарыла тургандыктарын билдирген.

Эскерте кетсек, кечээ, 4-июндун таңынан баштап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал тажик тараптын такталбаган тилкеге контейнер орнотуусу менен курчуп кеткен. Кийин Чоң-Алай районунун аталган чек арага жакын жайгашкан 5 айылындагы тургундар эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий