• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусундагы жолдордун абалы жана кышка даярдыгы боюнча аппараттык кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрь күнү Ош облусунун аймагындагы жолдордун кыш мезгилине карата абалы жана даярдыгы боюнча аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, райондук жол тейлөө мекемелердин, облустук жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн жана облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчылары катышты.

Жыйында Ош облусунун аймагындагы авто унаа жолдордун кыш мезгилине карата абалы жана даярдыгы боюнча аппараттык жыйын болуп талкууланып, жыйынтыгында тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттенмелер коюлду.

Ошондой эле кыш мезгилинде жолдор тайгак болгон учурда убагында жолдорду тазалоо, жол кырсыктарынын санын азайтууга иш-чараларды иштеп чыгуу, тараза контольдоо пунттарын жана жолдорду инвентаризациядан өткөрүү жана жол белгилеринин абалын көзөмөлөө боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий