• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулушу 55 пайызга даяр болуп калды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Маданият айылындагы №42-мектептин курулуш иштери 55 пайызга аяктап калды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, объект 2020-жылдын январ айында башталган, мектеп 225 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан окуу блогунун, спорт жана жыйналыш өткөрүү залдарынын чатыры аяктооодо. Мындан тышкары, жылытуу системасы орнотулууда жана ички жасалгоо иштери жүрүүдѳ.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен каржыланат, анын сметалык баасы 890 800 АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күндө фонд тарабынан 389 583 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушу 2021-жылдын жайын аяктайт деп пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий