• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында 180 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Орке айылында эски мектеп бала бакчага өзгөртүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №36 "Керемет дүйнөсү" бала бакчасынын ачылыш аземине мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Бексултан Үсөнов, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылдын сентябрь айынын соңунда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Орке айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын кайрылууларына ылайык, №34 Ч. Төлөбердиев атындагы мектептин эски имаратын бала бакчага өзгөртүү боюнча чечим кабыл алган.

Бала бакчаны куруу боюнча жумуштар кызуу жүргүзүлүп, балдарга керек болгон бардык шарттар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий