• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Ошто Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында КР Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Бактыбек Алайчиев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Токтосун Сабыров, Ош гарнизонунун башчысы, генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты.

Иш-чаранын алкагында курал-жарактардын көргөзмөсү уюштурулуп, куралдуу күчтөрдүн формасынын жана атайын техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ага улай күжүрмөн кызматы менен айырмаланган аскер кызматкерлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, кеңири концерттик программа тартууланды.

М.Исаев жалпы аскер кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктап, мамлекеттеги стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо үчүн аскердик кызмат өтөө маанилүү экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий