• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп, 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйынды Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев алып барып, шаардын социалдык-экономикалык багытынын 9 айлык жыйынтыгы, күз-кыш мезгилине даярдык, балдарга карата ырайымсыз мамилени жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жөнүндө маселелер талкууланды.

Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү туурасында мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов жооп берип, төмөнкүлөргө токтолду:

“2020-жылы Ош шаарынын экономикалык өсүшүнө бир катар сырткы жана ички факторлор терс таасирин тийгизген. Коронавирустун жайылышына байланыштуу киргизилген чектөөлөр экономикалык активдүүлүктүн кыскарышына алып келип, быйылкы жылга белгиленген социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөгөндүгүн белгилөөгө болот.

Кытай Эл Республикасынын ишкерлери келбегендиктен кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары, ишкананы реконструкциялоого жабдык жана сырье сатып алууга акча каражатынын жоктугунан “Жашылча-жемиш” жоопкерчилиги чектелген коому иштешкен жок.

Жыл башынан бери “Кыргыз унаа курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун машина куруу заводу, “Эралиев" жеке ишканасынын мал соючу цехи ишке киргизилген.

COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышынан экономикалык ишкердик субьектилерге чектөөлөр киргизилип, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал мезгилинде бир топ ишканалардын иши токтотулгандыктан салыктык жана салык эмес жыйымдардын жергиликтүү бюджетке келип түшүүсү төмөндөгөн.

2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо 87,6% пайызга аткарылды. Пландагы 824 млн сомдун ордуна, 722 млн сом түштү, же 102 млн сомго аз аткарылды.

Жалпысынан атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, жылдын башындагы калдыктарды кошкондо жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 919 млн сомду түздү.

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына жеткирилген план-тапшырма 633 млн 800 миң сомду түзүп, 638 млн 900 миң сом жыйналып, план 100,8 пайызга же 5,1 млн сомго көп жыйналган.

Мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгына жеткирилген план-тапшырма 109,4 млн сомду түзүп, 77,3 млн. сом жыйналып, 70,7 пайызга, же 32 млн. сомго аз жыйналган”, - деди ал.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 балдар бакчасынын курулуштары жүргүзүлүп, анын ичинен Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгына 100 орундуу бала бакча, Юго-Восток кичи районуна 120 орундуу бала бакча бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Бүгүнкү күндө Ак-Буура дарыясынын жээктерин реконструкциялоо менен жөө адамдар басуучу жол, вело жана башка курулмаларды куруу долбооруна 60,0 млн. сом акча каражаты которулуп, курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Р.Абдыкадыров көчөсүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тротуар куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Мээркан айылына баруучу жолду асфальттоо иштери, №5 Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу С.Айни көчөсүн асфальттоо иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Шаардын көчөлөрүнө орнотулган 57 обьект жол чырактарды (светофорлорду) жана видеобайкоо системасын техникалык тейлөө жана оңдоо иштери, жол белгилерин орнотуу, ондоо, эксплуатациялоо иштери, жолдорго жол сызыктарды сызуу иштери жүргүзүлгөн.
Социалдык жөлөк пулдар, пенсиялар өз убагында төлөнүп берилген.

Санариптештирүү багытында Ош шаарынын мэриясы, шаардагы мамлекеттик мекеме, уюмдар тарабынан бул багытта “IT-мектеп”, “E – kyzmat”, “Электрондук документ жүгүртүү системасы”, "Онлайн кайрылуу картасы", “Электрондук кезек”, “Коопсуз мектеп”, “Коопсуз бала бакча”, “Электрондук саламаттык сактоо”, “Электрондук билет”, “Электрондук патент”, “Бирдиктүү терезе” долбоорлору ишке киргизилип, иштеп жатат. Сентябрь айында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына шаардагы “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы кошулуп, бул аймакта “Бирдиктүү терезе” принциби ишке киргизилди.

Вице-мэр жыл план, тапшырмалр өз убагында аткарылып, жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө аракет кылуу боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Өзгөчө көңүлдү Ош шаарын 2019-2020-жылдарда өнүктүрүү программасында белгиленген иш-чараларды аткарууга бурууну суранып, жылдын жыйынтыгы менен тиешелүү иш-чараларды аткаруу боюнча анализ жүргүзүлүп, жетекчилердин жеке жоопкерчилиги карала тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий