• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ОшМУ менен Арабаев атындагы университет тажрыйба алмашат. Келишим жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети менен Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өз ара кызматташуу тууралуу келишимди жаңылады. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева ОшМУга барган. Иш сапардын алкагында окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолукту.

"Жолугушууда эки окуу жайдын алдыдагы кызматташтыктары, “Ош декларациясын” жандандыруу боюнча пикир алышты. Андан сырткары, буга чейинки эки тараптуу кызматташуу келишими жаңыланып, кол коюлду. Келишимге ылайык, мындан ары эки университетте билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий диссертациялык кеңештерге катышуу, илимий конференцияларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу багыттары ишке ашат", - деп айтылат маалыматта.

Айгүл Абдраева ОшМУнун “Маркетинг, коммуникация, коомчулук менен байланыш борбору” маалымат бөлүмүндө болуп, “Үмүт” телестудиясы жана “Нур” гезити, расмий сайты жана санарип университет багытындагы аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий