• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 9-июлдан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Аймак 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы Ош шаарынын аймагында Ош шаардык кеӊешине депутаттарды кайра шайлоо күнүнө байланыштуу 9-июлдан 12-июлга чейин күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун укук коргоо кызматкерлери камсыз кылат.

Милиция кызматкерлерине бул багытта ички иштер органдарынын ардагерлери элдин кошуундун мүчөлөрү жардам беришет. Элдин коопсуздугун сактоо, шайлоо процессинин эрежелерин, мыйзамдуулукту бузууларга тез арада ыкчам аракеттерди көрүү үчүн кошумча 10 ыкчам-тергөө жана документтештирүү топтору түзүлдү. Андан сырткары, кошумча резервдик күчтөр даярдалды.

Ал эми эртеӊ, 8-июлдан баштап 300дөн ашуун кызматкер Ош шаарынын аймагындагы шайлоо участокторун жана андагы шайлоо бюллетендерин кайтарууга алышат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан милиция кызматкерлерине шайлоо процесси учурундагы кызматкерлердин укуктары жана милдеттери кошумча түшүндүрүлүп, кошумча сабактар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий