• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто ак калпак күнүн утурлай шаардыктарга калпак таратылды

Аймак 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. 5-мартта Ош шаарындагы Алымбек Датка этно-маданият комплексинде ак калпак күнү жогорку деңгээлде белгиленди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов, аксакалдар, шаар тургундары жана жаш активисттер келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынын куттуктоо сөзүн сүйлөп, ак калпак кыргыздын нарк насилин өзүнө камтыган, көөнөрбөс байлык экендигин белгилеп өттү.

“Кыргыз эли кылымдар бою баш кийимди аздектеп, кастарлап келген. Андыктан биз жаштар ак калпактын баалуулугун сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңдап, келечек муундарга өткөрүп берүүбүз абзел. Ак кийизден жасалган калпак ак мөңгүлүү тоолорду жана калктын жан дүйнөсүнүн тазалыгын айгинелеп келет. Ал эми ак калпака түшкөн ар бир оюу өзүнчө бир чоң мааниге ээ. Андыктан Ош шаарынын мэриясы жылда ак калпак күнүн жогорку деңгээлде белгилеп, жаштарды патриоттуулукка үндөп келет”, - деди Н.Кадыров.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, мекенчил-партиоттук ырлар жаңырды. Аянтта 500дөн ашуун жаштар массалык улуттук “Кара жорго” бийин билешти. Ошондой эле, жаштар 1,5 метрдик шардан жасалган ак калпакты абага учурушту.

Мындан тышкары, вице-мэр Н.Кадыров, шаардык кеңештин депутаты А.Осмонов салтанаттын алкагында жыл ичинде жетишкендиктерге жеткен алдынкы студенттерге, мектеп окуучуларына, спортчуларга ак калпак кийгизип, ийгилик каалады. Ал эми Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрүн жана айдоочуларын Ак калпак күнү менен куттуктап, калпак белекке беришти.

Пикир

Оставить комментарий