• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто калкка кызмат көрсөткөн айдоочулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Автомобиль, транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Махмудов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаарда автомобиль транспорту жана жол чарба тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты.

Вице-мэр кесип ээлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов атынан куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги үчүн мэриянын Ардак грамотасы менен 20га жакын кызматкер сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий