• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто мыйзамсыз кумар оюндарын ойноткон жай аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайы аныкталды, деп кабарлайт УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 миң сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган.

Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргызстандын Ж.А. аттуу жаранынан 597 миң 200 сом, 4 800 доллар, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумароюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий