• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы, патрулдук милиция менен биргеликте шаардагы мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин жетекчилерине окуучулардын жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.

Мында билим берүү мекемелери жайгашкан көчөлөрдө жол коопсуздугун камсыздоо, кырсыктарды алдын алуу, окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча күн сайын сабактарды өткөрүү зарылчылдыгы белгиленди.

Ошондой эле, башталгыч класстардын окуучуларынын ата-энелери мүмкүн болушунча балдары мектепке барып, келе жатканда жол коопсуздугун өз алдынча көзөмөлгө алуу сунушу айтылды. Айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакыруу демилгеси көтөрүлдү.

Талкуунун жыйынтыгы менен тиешелүү мекеме-ишканаларга, мектеп директорлоруна тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий