• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланды

Аймак 0

Ош, 28.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары катышты.

Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралып талкууга алынды.

Ош шаарындагы жол коопсуздугун бекемдөөнүн иш-чаралары жүнөндө жана Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жазгы үч айлыкты өткөрүүнүн чаралары жөнүндө.

Жазгы үч айлыкты өткөрүүнүн иш-чаралары жөнүндө шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев маалымат берди.

Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин шаарыбыздыжашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланды.

Үч айлыкты өз деңгээлинде өткөрүү максатында тийиштүү кызматтардын 21 өкүлүнөн турган атайын штаб түзүлүп, иш-чаралар бекитилди.

“Биринчи этап- 1-марттан 1-апрелге чейин бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, гүл бакчаларды жана газондорду өстүрүү, ошондой эле шаардын аймагындагы арыктарды тазалоо;

Экинчи этап- 1-апрельден тартып 20-майга чейинки мезгил дарактарды актоо, жолдордун кесилиштериндеги, көпүрөлөрдүн тосмолорун, аялдамаларды сырдоо, жол боюндагы подпорный стенкаларды сырдоо, имараттардын фасаддарын көрктөндүрүү жана аларды түнкү декоративдик жарыктандыруу менен камсыз кылуу”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий