• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто «Жөө адамдар өткөөлү» рейдинин жүрүшүндө 27 протокол толтурулду

Аймак 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Ош шаарында өтүп жаткан «Жөө адамдар өткөөлү» рейдинин жүрүшүндө 2 күндө 27 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы боюнча МККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагында жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда жол кырсыктары көп катталып жаткандыктан үстүбүздөгү жылдын 26-мартынан 4-апрелине чейинки аралыкта атайын рейд өтүүдө.

Бул рейддик иш-чараларга авто мектептердин курсанттары жана ыктыярдуу күчтөр тартылып, иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий