• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто жөө жүргүнчүнү дароо эки унаа коюп кетти. Айдоочулардын бири унаасын жаңы сатып алган

Кырсык 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Ош шаарында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды,-деп билдирет шаардык ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Масалиев көчөсү аркылуу “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаа жөо жүргүнү коюп кетип, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Андан соң жабыркаган жаранды “Хонда Фит” унаасы сүзүп, бр нече метрге чейин сүйрөп барган. Натыйжада жөо жүргүнчү каза болгон. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.

2 саттан кийин биринчи унааны ЖЭБдин жанынан табышкан, бирок айдоочу жок болгон. Ош шаарынын Т.Т., аттуу тургуну милиция кызматкерлерине билдиргендей, окуя жүз бергенде коркуп, кырсык болгон жерден кетип калган. Айдоочу унаасын бир жума мурда эле сатып алгандыгы аныкталган.

Айдоочу убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Экинчи унаа азырынча табыла элек. Иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий