• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Оштогу борбордук мечитте 10 миңдей адам Айт намазын окушту

Аймак 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаарында Орозо айт намазы Сулайман-Тоо жана шаарда жайгашкан баардык мечиттерде окулду. Сулайман-Тоо мечитинде болгон намазга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана 10 миңге чукул шаар тургундары катышты.

Намаз убактысына чейин Ыйык Куран аяттары окулуп, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев куттуктоо сөзүн айтып, Айт намазынын маанисин түшүндүрүп, жалпы элге ыймандуулук, сабырдуулук жана ата-энени урматтоо тууралуу баян жасады.

Ал эми калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов улуу Рамазан айында туткан орозону, кылган амалдарды Жараткан өзү кабыл кылсын деген тилектерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий