• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Билавал Бхутто Зардари жолукту.

КР ТИМден билдиришкендей, кесиптештердин жолугушуусу 5-майда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Индиянын Панажи шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык коопсуздук жана кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Б. Зардаринин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга боло турган расмий сапары кыргыз-пакистан мамилелеринин деңгээлин көтөрүүгө салым кошот деген ишеничин билдирди.

Тараптар билим берүү, энергетика, фармацевтика жана текстилдик өнөр жай тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн өз ара жагымдуу шарттарды түзүүдө кийинки жыйыны 2023-жылы өткөрүлө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн жандандырууну макулдашышты.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий