• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Пенсионерлерге кошумча киреше алып келе турган топтолмо пенсиялык фонддордун тутуму кеӊейтилүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште пенсионерлерге кошумча киреше алып келе турган топтолмо фонддорду түзүүгө багытталган “КР топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Мамфинкөзөмөл кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетовдун айтымында, банктык эмес финансы рыногун түзүүдө топтолмо пенсиялык фонддордун иши олуттуу ролду ойнойт.

“Топтолгон каражатты түзүүнүн жана инвестиция кылуунун эсебинен жарандарды пенсия менен камсыз кылуу ишин жакшыртуу топтолмо пенсиялык институтту түзүүнүн башкы максаттарынын бири болуп саналат”, - деди ал.

Баяндамачы көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, топтолмо пенсиялык фонддор эӊ ири каржы уюмдары болуп санала турганын, анын эсебинен пенсионерлер такай саякатка чыгып турушарын, мындай саамалыктын Кыргызстанда деле ийгиликтүү иштеп кете турганына толук ишеним бар экенин айтты.

Ал үчүн негизинен төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:

  • акционердик коом түрүндөгү жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү;
  • корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фондорду киргизүү;
  • пенсиялык камсыздоо тутумун өркүндөтүү концепциясын ишке ашыруу;
  • мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу пенсиялык фонддор рыногун өнүктүрүү.

Бир катар депутаттар өкмөт өкүлдөрүн мыйзам долбоорун колдой турганын билдирүү менен бирге, аны ишке ашыруунун Кыргызстандын шартына ылайык келген механизмдерин иштеп чыгуу чараларына өзгөчө көӊүл бурууга чакырышты. Ал эми Аалы Карашев Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” мыйзамдын өзү качан кабыл алынганына, андан кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанисине кызыкты.

Мамфинкөзөмөл кызматынын төрагасы мыйзам 2013-жылы кабыл алынганын, андан кийин ага эки жолу өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. “Өзгөртүүлөр негизинен топтолмо пенсиялык фонддордо топтолгон каражаттарды жеке менчик каржы уюмдарына да инвестициялоого уруксат берүүгө байланыштуу жоболор болгон. Азыр болсо топтолмо пенсиялык фонддордун тутумун кеӊейтүү демилгеси сунушталып жатат”, - деди Санжар Мукамбетов.

Белгилей кетек, Социалдык фонддун маалыматына караганда, ушу тапта топтолмо пенсиялык фонддо 10 млрд сом топтолуп, аны инвестициялоонун аркасында ал каражат 18 млрд сомго чейин көбөйтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий