• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Президент Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо, алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу чаралары, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн мындан ары бекемдөө боюнча артыкчылыктар талкууланды.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев 2019-жылдагы иштердин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата биринчи даражадагы милдеттер тууралуу маалымат берди.

Жакынкы өнөктөш өлкөлөр менен аскерий жана аскерий-техникалык жаатта активдүү кызматташуу жүрүп жатканы жана Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштер аткарылып жатканы белгиленди.

«Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруу алкагында «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулган.

Райимберди Дуйшенбиев ошондой эле Кыргызстандын аймагына жаңы коронавирусту киргизбөө максатында өлкөнүн көзөмөлдөө өткөрүү пункттарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Аскерий адистердин даярдыгынын сапатын жакшыртуу, аскердик тартипти жогорулатуу жана Куралдуу күчтөрдүн жеке түзүмүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында санариптештирүү маселеси негизги маселелердин бири болгонун өзгөчө белгиледи.

Маалыматтык коопсуздукту жана аскерий түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн санариптештирүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий