• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Путин белек кылган кылыч Тарых музейине кошумча жакшы коллекция болду – Иманкулова

Коом 0


Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровго белек кылган кылыч Мамлекеттик тарых музейине кошумча жакшы коллекция болду. Бул тууралуу Тарых музейинин экспонаттарды сактоо боюнча башкы кызматкери Нурхат Иманкулова билдирди.

Анын айтымында, музейдин иш жамааты өлкө башчынын мындай белегине ыраазычылык билдирет.

"Кылыч Музейге берилген белектер фондуна кошумча жакшы коллекция болду. Кылычтын узундугу 1 метрди түзөт, баалуу таштар жана темир менен кооздолгон. Фонддо Совет маалынан бери президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаттары берген белектери сакталып турат. Биздин коллекцияда 2,5 миңден ашык буюм бар", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапары учурунда Россиянын президенти Владимир Путинден белекке алган кылычты Тарых музейине берген.

Пикир

Оставить комментарий