• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Роналду Мессиге каршы! Чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы командалардын атаандаштары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына чыккан командалардын атаандаштарын аныктоо үчүн чүчүкулак тартылды.

Чүчүкулактын негизинде мелдештин 1/8 финалында төмөнкү командалар оюн өткөрөт:

“Бенфика” (Португалия) — “Реал” (Испания);
“Вильярреал” (Испания) — “Манчестер Сити” (Англия);
“Атлетико” (Испания) — “Бавария” (Германия);
“Зальцбург” (Австрия) — “Ливерпуль” (Англия);
“Аякс” (Нидерланды) — “Интер” (Италия);
“Ювентус” (Италия) — “Спортинг” (Португалия);
“Челси” (Англия) — “Лилль” (Франция)
“Манчестер Юнайтед” (Англия) — “ПСЖ” (Франция).

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын алгачкы оюндары 2022-жылдын 15-16-22-23-февраль күндөрү, жооптук беттеш 8-9-15-16-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий