• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Россиянын президенттик администрациясы Жалал-Абаддагы эмгек ардагерлерин сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Россия президентинин администрациясынын региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов баштаган делегация Жалал-Абад шаарына келди.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, сапарынын алкагында делегация өкүлдөрү облустагы 120 эмгек ардагерине сый дасторкон уюштурду.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат катышты.

Саамалыкта Жалал-Абад облусунда 10-11-октябрь күндөрү Кыргыз-Россия аймактар аралык 10-конференциясы өтүп жатканы белгиленди. Анын алкагында эки мамлекеттин достук жана маданий байланыштарын бекемдөө, облустун бир катар тармактарында эмгек өтөгөн ардагерлерди сыйлоо максаты көздөгөнү айтылды.

Жалал-Абад шаарында өтүүчү конференция алкагында да тараптардын кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ири долбоорлор боюнча келишимдер кабыл алынары кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий