• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ростов-на-Донудан Бишкекке түз аба каттамы ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. 29-сентябрда Ростов-на-Дону шаарын Бишкек менен байланыштырган жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу “Эл аралык “Манас” аэропорту” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунда салт боюнча аба кемесинин биринчи каттамы “триумф аркасы” – суу аркасы менен коштолду.

Белгилей кетүүчү нерсе, жиберүү аба майдандарында каттамга майрамдык маанайда каттоодон өтүштү. Биринчи болуп билет сатып алган жүргүнчүлөргө ташуучунун маршруттук тармагы боюнча бекер учууга сертификаттар тапшырылды.

Эске салсак, каттамдарды “Азимут” авиакомпаниясы төмөнкү ырааттама боюнча аткарат:

Ростовдон учуп чыгуу жума күнү саат 23:25те, Бишкекке конуу ишемби күнү саат 06:20да. Ишемби күндөрү Бишкектен учуп чыгуу саат 07:40та, Ростовго конуу 08:35те.

Пикир

Оставить комментарий