• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүйүнчү! Дагы бир спортчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 25-апрелде фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Ташкент шаарында өткөн квалификациялык мелдешинде катышты.

Спортчу 1-орунду ээлеп, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий