• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

С.Жээнбеков: Министрликтер менен ведомстволор жарандар менен иштөөгө жетишээрлик көңүл бурбайт

Өкмөт 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Министрликтер менен ведомстволор жарандар менен иштөөгө жетишээрлик көңүл бурбайт. Мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүсү зарыл. Аны менен бирге жооптор мазмундуу жана негиздүү болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын 2016-жылдын 1-кварталына карата аткаруучулук тартиптин абалы боюнча маселени кароонун жүрүшүндө билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 1776 актынын долбоору келип түшкөн, анын 545 же 30,6% демилгечилерге кайтарылган.

«Өкмөт – мыйзамдарды аткарууну камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин башкы органы. Аны менен бирге айрым министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери аткаруучулук тартипке жана коюлган тапшырмаларды аткаруунун мониторингине жетиштүү деңгээлде көңүл бурбайт. Бул өлкөдөгү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жумалык графигин «Апта-gov.kg» электрондук ресурсуна жайгаштырууда формалдуулукту жана өздөрүнүн гарфигинин төмөнкү сапатын билдирет. Жарандардын кайрылууларына көңүл буруу иши жетишээрлик деңгээлде эмес. Көпчүлүк мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына негиздүү жооп бербейт же жарандардын кайрылуулары мекемеден-мекемеге жиберилет.

Мисалы, Бишкек шаарынын жашоочусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна багытталган өзүнүн катына жоопту 73 күндөн киийн алган. Мындай болбошу керек», – деп билдирди Өкмөт башчы.

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын 2016-жылдын 1-кварталына карата аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев баяндама жасады.

«Азыркы учурда документтерди аткаруу мөөнөтүн бузуу тенденциясы азайганы байкалууда. Алсак 2015-жылдын жыйынтыгында министрликтер менн ведомстволордо 5,8 пайыз нормативдик укуктук актылар мөөнөтүн бузуу менен аткарылса, 2016-жылы бул көрсөткүч 5,4 пайызды түзгөн, бул документтерди өз убагында аткарууда 0,4 пайыз көрсөткүчкө жакшырган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылууларын аткаруу кырдаалы жакшырган. Эгерде 2015-жылдын жыйынтыгында коюлган мөөнөтүн бузуу 7,9 пайызды түзсө, 2016-жылдын жыйынтыгында аталган көрсөткүч 6,0 пайызга чейин азайган. Пайыздык көрсөткүч 1,9га жакшырган», – деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев.

Талкуунун жыйынтыгында аткаруучулук тартипте кетирген кемчиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекмамбетовдун ээлеген кызмат ордун кароо чечими кабыл алынды.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин стаст-катчысы Максат Ташболотовго, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Жекшеновго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Камчыбек Акишевге эскертүү берилди.

Ошондой эле,Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевдин дисциплиналык аткаруу милдетине болгон жоопкерчилигин карап чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий