• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Саат 14:00гө карата Чоң-Алайдын 5 айылынын тургундары толугу менен үйлөрүнөн чыгып кетти

Аймак 0

Бишкек, 17.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда саат 14:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунун 5 айылынын тургундары толугу менен үйлөрүнөн чыгып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Айткулов түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, Чоң-Алай районундагы беш айылдын 6 миң 12 тургуну болсо, анын 5 миңи жергиликтүү бийлик органдары тарабынан эвакуацияланды.

“983 киши ыктыярдуу кошуун менен калган. Бирок саат 14:00гө карата Чоң-Алайдын 5 айылынын тургундары толугу менен үйлөрүнөн чыгып кетти”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 34 жаран эвакуацияланганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий