• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри: Коронавирус жуккан 5 адамдын абалы туруктуу оор

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуккан 5 адамдын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, ооруканада жаткандардын саны 202 кишини түзөт.

"Эки бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, үчөө кислород менен дем алууда. Бешөө тең реанимацияда", - дейт министр.

Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 69 адамда коронавирус аныкталып, жалпы ооругандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам оорудан айыккан. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий