• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди, ага ылайык:

— Салык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган субъекттер салыктык каттоого жатат. Мындай редакциялык тактоолор 95-берененин 1-бөлүгүнө киргизилди.

— Иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган жеке жактар, ишкердик иш деп таанылган ишти жүзөгө ашырган айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салык органына салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. 96-берене ушундай ченемди караган 2-1-бөлүк менен толукталды.

— Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат. 167-берененин 6-пункту ушул ченем боюнча жаңы редакцияда баяндалды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий