• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 44,4 миң бөтөлкө алкоголду тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери иш жүргүзүүгө тийиштүү лицензиясы жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн күмөндүү акциздик маркалар менен 44 миң 478 алкоголдук бөтөлкө тартып алынды.

Алсак, Ош облусунун Өзгөн районундагы кампалардын биринен ар кандай идиштерде жана аталыштардагы 36 миң 500 алкоголдук бөтөлкө тартып алынды. Материалдар укук коргоо органдарына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн берилет.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылындагы жеке үйлөрдүн биринде жайгашкан кампадан 7978 алкоголдук бөтөлкө табылып, тартып алынды. Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий