• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тоң районунда айыл кеңештин депутаты жасалма аттестат колдонууга шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты К.У.К.нын жасалма расмий документ колдонууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты К.У.К.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (атайылап жасалма расмий документти пайдалануу) каралган кылмышты жасоого шектүү катары, кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, К.У.К. айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартибин алдын ала билип туруп, 2020-жылы Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы Б.Мамбетов атындагы орто мектеп тарабынан берилген № 038000 орто билими тууралуу жасалма аттестатка ээ болгондугу аныкталган, ал бул документти 2021-жылдын январь айында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталып жатканда колдонгон.

Мындан улам, толук орто билими жок К.У.К. Тоң районунун аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары мыйзамсыз катталып, кийин Болот Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий