• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 119 акысыз чалуу-борборунун функцияларын кеңейтти

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги 119 акысыз чалуу-борборунун функцияларын кеңейтти.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, эми 119 чалуу-борбору кеңеш берүү менен гана чектелбестен, министрликтин жана ага караштуу бөлүнүштөрдүн ишмердүүлүгү боюнча жарандардын арыздарын жана кайрылууларын кабыл алат. Бул ыңгайлуу жана бекер, буга чейин жарандар шаардык номерге уюлдук телефон аркылуу чалуусунда төлөм алынып, чыгымга учурашчуу. Бул номер аркылуу коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүлөр да кабыл алынат.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы функциялары бар ишеним телефонунун ыкчам жана эффективдүү иштешин камсыз кылууда ички процесстерге «бэк жана фронт офис» принциби боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Башкача айтканда, «119 чалуу борбору» кызматкерлери жарандарга маселелери боюнча кеңеш беришет, арыздарды жана кайрылууларды кабыл алышат жана катташат, ал эми министрликтин жооптуу адистери кабыл алынган арыздарды кароо менен алектенет. Бул жарандарды тейлөө процессин тездетет жана натыйжалуулугун камсыз кылат.

Эгерде жарандын суроосу кеңеш берүүчү мүнөздө болсо, анда ал Министрликтин ишмердүүлүгүнүн алкагында кеңеш алат. Башка учурларда, «ишеним телефонунун» каттоо картасы кайрылуунун толук мазмуну менен толтурулат, анда арыз ээсинин, адамдын толук аты жөнү же юридикалык жактын аталышы көрсөтүлүп, дареги жана байланыш маалыматтары толук көрсөтүлөт. Арыздарды жана даттанууларды кароо мөөнөтү 14 жумушчу күнгө чейин.

Министрлик иши: калкты тейлөө борборлору, жарандык абалдын актыларын, калкты катоо жана паспорттоштуруу, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин, Мамлекеттик байланыш жана архив агенттигинин, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин камтыйт, т.а. Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун берүү кызматтары, электрондук кол тамгасы, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызматтарды көрсөтүү, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телекөрсөтүү, жарандык абалдын актыларын, калкты, унааларды жана аларга чиркегичтерди атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо, архив иши жана киберкоопсуздук.

Көңүл буруңуз! Эгерде арыз ээси өзүнүн маалыматын ачыктоодон баш тартса (толук аты-жөнү, дареги, байланыш маалыматтары), же арыздануучунун калтырган байланыш маалыматтары так эмес же жалган болсо, арызды кароо токтотулат.

Байланыш борбору чалууларды жумуш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат, тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин. Чалуулар 119 жана 0800 555 55 10 – номерлери боюнча Кыргызстандын бардык байланыш операторлорунан акысыз кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий