• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шаар күнүнө карата борбордо “Менин сүйүктүү шаарым” акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 28-апрелде саат 14:00до Бишкектин борбордук китепкана тутуму Шаар күнүн майрамдоонун урматына Тоголок Молдо атындагы скверде “Менин сүйүктүү шаарым” акциясын өткөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Пландалган акцияда балдар үчүн китептерди оңдоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп, түрдүү тематикада китеп көргөзмөсү өтөт.

Андан тышкары, шахмат жана шашки оюндары, сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулат.

Толук маалыматты Бишкек шаардык борбордук китепкана тутумунун 45-42-52 номери аркылуу билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий