• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шайлоо жакшы маанайда өттү. Жарандардын жогорку аң-сезими байкалып турду - ТүркПА

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулары КР президенти жакшы маанайда өткөнүн белгилешти. Байкоолорунун жыйынтыгын эл аралык байкоочулар Бишкектеги маалымат жыйында билдиришти.

Түркиянын Улуу улуттук ассамблеясынын мүчөсү Фейзуллах Кийкилик жарандар атуулдук милдетин аткарууга жоопкерчилик менен мамиле кылгандыгы алардын жогорку активдүүлүгүнөн көрүнүп турганын айтты.

“Биз эртен кечке Ысык-Көл облусу боюнча 10 шайлоо тилкесинде байкоолорду жүргүздүк. Шайлоо жакшы маанайда өттү. Жарандардын аң-сезими жогору деңгээлде, алар бардык жоопкерчиликти сезип турушту”, - деп белгиледи Кийкилик.

Пикир

Оставить комментарий