• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ТТМКК: Кыргызстанда шайлоо ачык өттү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңеши өз миссиясынын жыйынтыгында Кыргызстанда шайлоо ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктө өттү деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу маалымат жыйында бул уюмдун башкы катчысы Рамиль Гасанов билдирди.

Анын айтымында, алардын миссиясы Бишкек жана Ошто 13-октябрда иштеп баштаган.

“Шайлоо күнү добуш берүү тынч жана уюшкандык деңгээлде өттү. Миссия шайлоонун жыйынтыгына таасир берүүчү эч кандай олуттуу бузууларды байкаган жок. Шайлоого бардык шарттар түзүлгөн. Биометрикалык каттоо боюнча дагы маселе болгон жок”, - деди ал.

Миссиянын өкүлдөрү айрым тилкелерде бюллетендер жетпей калгандыгын белгилешти.

“Жалпысынан биз шайлоо комиссияларында эч кандай административдик ресурс колдонууну байкаган жокпуз. Ошондой эле биз жымжырттык күнү жана шайлоодо үгүттөө аракеттерин көргөн жокпуз. Мындан тышкары, добуштарды эсептөөдө кечигүүлөр болгон жок. Бардык маалымат штаттык түрдө БШКга берилип жатты”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий