• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Жалал-Абад: шайлоочулардын 60 пайызга жакыны добуш берүүгө катышышты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад облусунда, анын ичинде Жалал-Абад шаарында бүгүнкү президенттик шайлоого шайлоочулар жогорку активдүүлүктө катышышты. Кечки саат 18.00гө карат шаардагы 53 миң 423 шайлоочунун 30 миң 276сы же 57 пайызы добуш берүүгө катышып, өз тандоосун ишке ашырышты. Бул тууралу аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абаддагы өкүлү Дамир Жүндүбаевдин айтымында, шаардагы шайлоо участкаларында жүргөн добуш берүү процессинде шайлоо мыйзамдары бузулган фактылар болгон жок. Буга жергиликтүү жана эл аралык көз карандысыз байкоочулар да күбө болушту.

"Бизде добуш берүү маалында эч кандай мыйзам бузуу фактылары болгон жок. Участкалык комиссиянын мүчөлөрү өз милдеттерин жакшы аткарууга аракет кылышты. Эң башкысы, добуш берүүнү үзгүлтүккө учурата турган көрүнүштөр болгон жок, бул жагынан жергиликтүү бийликтердин шайлоого карата даярдык иштери жакшы болгону көрүнүп турат", - дейт ал.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазовдун айтымында, шаардагы шайлоо участкаларында электр, байланыш жана башка зарыл кызматтар менен
камсыз кылуу жагынан бир дагы үзгүлтүк болгон жок. Бул да болсо, шайлоого карата жергиликтүү бийликтердин жакшы даярдык иштеринин деңгээлин көрсөтөт.

"Биздин шаардык кызматтар шайлоонун жакшы өтүшүн камсыз кылуу боюнча жакшы иштешти, ошону үчүн бизге бир дагы арыз-даттануулар болбоду", - дейт ал.
Шаарда добуш берүү улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий