• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Соцфонддун колл-борборуна 11 айда 19 миңге жакын кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна январь-ноябрь айларында 18 миң 433 кайрылуу түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ноябрда 1 миң 651 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1 миң 253ү кирген жана чыккан чалуулар. Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 398 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Социалдык фонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий