• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 325 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-майга карата коронавирус дагы 325 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 262, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 365 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 240, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 14, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 11 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда - 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 555 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 369 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1031 бейтаптын абалы орто оордукта, 429 адамдын абалы оор жана 81 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 592 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 528 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 511 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 811 киши айыгып чыкса, 1 миң 751 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий