• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Статком: Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны төмөндөдү

COVID - 19 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны олуттуу төмөндөдү, - деп кабарлайт Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган жана катталган коронавирус инфекциясы (COVID-19) саны июль айындагы 37,4 миң учурдан сентябрь айындагы 2,8 миң учурга чейин азайды.

2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)

Нет описания.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында коронавирус менен болгон оорулардын катталган учурларынын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (47% ашыгы), Чүй облусуна (22% жакыны) жана Ысык-К¼л облусуна (15 % ашыгы) туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында август айына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 4,3 эсеге, ал эми июль айына салыштырмалуу 13,2 эсеге азайды.

2021-жылы калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий