• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Султанбекова медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 30-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы эмгектенген кызматкрелерди кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү медицина кызматкерлеринин статусун жакшыртуу, татыктуу жашоо деңгээли менен камсыздоо жана мекендештердин ден-соолугун коргоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат», — деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, узак жашоону камсыз кылуу, анын сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөөдө анын деңгээлин көтөрүү социалдык саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.

«Дарыгерлик кесип – өзгөчө сыйга ээ болгон татыктуу кесип. Сиздер ар бир жараныбыздын ден соолугун сактоого кепилдик берип, саламаттыгына күнү-түнү кам көрүп келесиздер. Сиздердин адамдын оорусун тең бөлүшкөн өзгөчө жылуу сезимдериңиздерге жана мээримиңиздерге, талыкпас эмгегиңиздерге, кесипкөй билимиңиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем», — деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Пикир

Оставить комментарий